Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:13

Зомбулукка каршы тынч жүрүш өтөт


Бүгүн Бишкекте зордук-зомбулук, дискриминация жана жек көрүүчүлүккө каршы тынч жүрүш өтөт. Аны Кыргызстанда аялдар жана кыздарга карата зомбулукка каршы "Бирге" кыймылы уюштурууда. Түштөн кийин Жибек Жолу менен Эркиндик бульварынын кесилишинен башталган тынч жүрүш Ак үйдүн жанынан жыйынтыкталат. Жарандык активисттер жана укук коргоочулар "Бирге" кыймылынын депутаттарга жолдогон кайрылуусун парламентке тапшырмай болууда.

Ал кайрылууда кыз-келиндерге карата зомбулукту, ала качууну токтотуу, диний жана улут аралык кастыкка жол бербөө, адамдардын аң сезимин кылмышкерлерди жактоочу "эл эмне дейт" деген түшүнүктөн арылтуу зарылчылыгы жөнүндө айтылат.

Кыргызстанда ала качуу үчүн жаза катуулаган. Бирок, укук коргоочулардын айтымында, бул көрүнүш дагы эле уланууда. (RK)

XS
SM
MD
LG