Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:22

Турсунбеков: Коалиция боюнча сүйлөшүүлөр уланууда


Бул тууралуу Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, учурда коалицияны түзүү боюнча парламенттеги бардык фракциялар менен сүйлөшүү өтүп жатат. Азырынча коалицияны үч же төрт фракциядан түзүү боюнча варианттар каралууда.

Жаңы коалиция куроо мандатын президент Алмазбек Атамбаев 20-март күнү КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбековго тапшырган. Коалиция жаңы өкмөттүн курамын 11-апрелден кечиктербей бекитиши кажет. Жогорку Кеңештеги “Ырыс алды - ынтымак” коалициясы 18-мартта таркаган. Ага “Ата-Мекен” фракциясынын альянстан чыккандыгы себеп болгон. Буга чейин “Республика” фракция көпчүлүк коалицияга кошулууга макул экенин билдирген болчу.(BkA)

XS
SM
MD
LG