Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:10

Жүк ташыган айдоочулар митингге чыкты


Ушу тапта Жогорку Кеңештин алдында 150гө жакын айдоочу нааразылык акциясын өткөрүп жатат. Алар Транспорт жана коммуникация министринин милдетин аткаруучу Калыкбек Султановдун ишине нааразы болуп, аны кызматтан алууну талап кылууда.

Айдоочулар ассоциациясынын жетекчиси Темирбек Шабданалиевдин “Азаттыкка” билдиришинче, акыркы жылдары транспорт тармагын адискөй министр башкарбагандан улам жергиликтүү айдоочулар жабыркоодо. Кытайдан кирген оор жүк ташуучу унаа жолду талкалап, жергиликтүү айдоочулардын ишине тоскоолдук кылып жатканын айткан Шабданалиев буга "министрлик кайдыгер мамиле жасоодо" деген пикирде. Митингчилер аларды президент кабыл алышын талап кылууда. (BkA)

XS
SM
MD
LG