Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:47

Жети-Өгүздө Кумтөргө байланыштуу митинг өтүүдө


Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз райондук сотунун жанында Кумтөрдун экологиялык зыянын текшерүүнү талап кылгандар митинг өткөрүп жатат. Аймактык кабарчыбыз маалымдагандай, учурда акцияга 50гө чукул адам катышууда. Митинг уюштуруучулары ага Саруу, Дархан, Жаргылчак жана Жеңиш айылдарынан өкүлдөр катышып жатканын билдирүүдө.

Кумтөр алтын кенин иштетүүдөн келтирилүүчү зыян боюнча тургундар 14-февралда райондук сотко кайрылган. Митингчилер дал ушул териштирүү иштерин эртелетүүнү талап кылып жатышат.

Саруу айылынын айрым тургундары “Кумтөр” алтын кенин улутташтыруу талабы менен өткөн жылдын май айынан бери түрдүү нааразылык акцияларын өткөрүп келе жатат. Айрым акциялар башаламандык менен коштолуп, учурда айылдын 6 тургуну камакта калууда. (MK/BkA)

XS
SM
MD
LG