Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:25

Караколдо Апрель курмандыктарына эстелик орнотулат


Каракол шаарында 2010-жылдын Апрель окуясында курман болгондорго эстелик орнотулуп жатат. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" облустук бийликтен кабарлашты. Эстеликтин ачылышы 7-апрелде өтөт. Шаардагы Пушкин атындагы сейил бакта орнотулуп жаткан эстеликтин тегерегине Тянь-Шань карагайынын 200 көчөтү отургузулду. Бул үчүн атайын уюштурулган ишембиликке өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Эмилбек Каптагаев баштаган жетекчилер катышты.

2010-жылдын 7-апрелинде өлтүрүлгөн 77 демонстранттын 11и Ысык-Көлдөн болчу.(MK)

XS
SM
MD
LG