Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:54

Кабул: Президенттикке талапкердин үйүндө жарылуу болду


Кабулда Ооганстандын президенттигине талапкер Ашраф Ганинин үйүндө жарылуу болуп, ок атуулар угулду. Маалыматтарга ылайык, Гани ал учурда үйүндө болгон эмес. "Рейтер" агенттиги полиция офицерине шилтеме жасап, төрт адам президенттикке талапкердин үйүнө киргенден кийин жардыруу жана бир топко атылган октун үнү чыгып турганын жазды.

Ашраф Гани – Дүйнөлүк банктын мурдагы кызматкери жана Ооганстандын мурдагы каржы министри. "Талибан" кыймылы 5-апрелде өтчү президенттик шайлоодо зомбулук жасаарын эскерткен.

XS
SM
MD
LG