Индия мухитиндеги чоң толкундар жана бороон малайзиялык авиалайнерди издөөгө кыйынчылык жаратууда. Аба ырайына байланыштуу издөө иштери убактылуу токтотулду. Бүгүн Малайзиянын Бээжиндеги элчилигинин алдында Malaysia Airlines авиаишканасынын 370-каттамындагы адамдардын жакындары полиция менен кагылышты. Алар Боинг-777 учагы кандайча кырсыкка кабылганан түшүндүрүүнү талап кылды.
Кечээ Малайзиянын премьер-министри Нажиб Разак 8-марттан бери дайынсыз учак "өз сапарын Индия мухитинин түштүгүндө аяктаган" деп авиалайнердеги адамдардын үй-бүлөлөрүнө билдирген. Куала-Лумпурдан Бээжинге учуп чыккан учакта 239 адам болгон.