Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:51

Беларус элчилигинин алдында нааразылык акциясы өтүүдө


Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров бүгүн Бишкектеги Беларус элчилигинин жанында нааразылык акциясын уюштурууда. Ал колуна “Беларус менен дипломатиялык алака токтотулсун” деген плакат кармап, мурдагы президент Курманбек Бакиевди Кыргызстанга өткөрүп берүүнү талап кылууда.

Бакиевди кайтарып берүү талабы менен Өндүрүш Токтонасыров ар аптанын шейшемби күнү элчиликтин жанында ар кандай акцияларды уюштуруп келет.

2010-жылдын 7-апрелинде Ак үйдүн жанында сексенге чукул адамдын өлүмү үчүн соттолуп жаткандар тизмесинин башында Бакиев өзү, анын бир туугандары жана уулдары турат. Бирок ал өзүнө карата айыптоонун баарын негизсиз деп атап келатат. (BkA)

XS
SM
MD
LG