Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:07

Швецияда Каримова кылмышка шектүү деп табылды


Бул тууралуу швед прокурорлору билдирди. Өзбек президенти Ислам Каримовдун тун кызы швециялык TeliaSonera уюлдук операторуна байланыштуу "кылмыш ишке катыштыгы бар" деп прокурорлорго таянып "Рейтер" агенттиги жазды. Швед прокуратурасынын билдиришинче, TeliaSonera Өзбекстанда үчүнчү муундагы уюлдук байланыш лицензиясын алуу үчүн Каримовага тиешеси бар делген компанияга 358 миллион доллар пара берген.

Швейцарияда мыйзамсыз акчаны адалдаштырган деген шек менен ачылган кылмыш иштин алкагында Гүлнара Каримованын аты аталган. Каримовага байланыштуу иликтөөлөр АКШ жана Голландияда дагы жүрүп жатат.

XS
SM
MD
LG