Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму кабарлады. Ар бир сегизинчи кишинин биринин өлүмү абанын булганганына байланыштуу деп билдирди аталган уюм. Учурда булганган аба ден-соолукка зыян келтирген эң чоң фактор. Булганган абадагы майда бөлүкчөлөр адамдын өпкөсүнө түшүп, бул органдын козголушуна алып келет. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун божомолуна ылайык, 2012-жылы сегиз миллион адам булганган абанын айынан жан берген.