АКШнын Голландиядагы элчилигинде Барак Обама Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен жолукту. Эки лидер кандай маселелерди талкуулаганы маалымдалган жок. Расмий Астана Орусия баштаган Бажы биримдигинин чоң тарапкерлеринин бири. Казак башчысы учурда Гаагада өтүп жаткан Өзөктүк саммитке катышууда.
Жыйындын алкагында Назарбаев британ премьер-министри Дэвид Кэмерон, француз президенти Франсуа Олланд, Бириккен Улуттар Уюмунун Баш катчысы Пан Ги Мун жана башка дүйнө лидерлери менен жолукту.
Жыйындын алкагында Назарбаев британ премьер-министри Дэвид Кэмерон, француз президенти Франсуа Олланд, Бириккен Улуттар Уюмунун Баш катчысы Пан Ги Мун жана башка дүйнө лидерлери менен жолукту.