Ош шаарында ичкиликтен арылуу үчүн доктурга кайрылган аялдардын саны өсүүдө. Бул тууралуу бүгүн «Азаттыкка» Ош облустук наркология борборунун кызматкери Алаберди Мухлисов билдирди. Анын айтымында, өткөн 2013-жыл ичинде борбордон 38 аял дарыланып кеткен. Ал эми быйылкы жылдын эки айында эле 15 аял жаткырылды. Алардын баары 25 жаштан ашкандар. (YI)