Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:52

Ооганстандагы жардыруу тогуз кишинин өмүрүн алды


Кабулдагы шайлоо бекеттеринин биринде жан кечти бомба жардырды. Аталган имарат президенттикке талапкер Ашраф Ганинин үйүнө жакын. Полиция расмийи Сайед Гул Ага Хашми чабуулду эки адам ишке ашырганын билдирди. Бир жанкечти машинесин дүрмөттөп, экинчиси жарылуучу затка толгон кемселин жардыртты. Жардыруудан жалпысынан 9 адам мерт кетти: бешөө козголоңчулар, экөө полиция офицери, бирөө жергиликтүү кеңешке талапкер, бири ошол имаратта жайгашкан кеңсенин кызматкери.

Шайлоо бекетинин имараты курчоого алынып, башка шектүүлөрдү издөө жүрүп жатат. Канча адам жабыркаганы белгисиз, бирок имаратта шайлоо комиссиясынын бир нече кызматкери бар экени айтылды. Бул чабуулга жоопкерчиликти 5-апрелде өтчү президенттик шайлоодо зомбулук жасаарын эскерткен "Талибан" кыймылы алды.

Андан сырткары Кунар провинциясында үч жанкечти "Кабулбанктын" жергиликтүү бөлүмүндө жардыруу жасап, андан эң азы үч коопсуздук кызматкери мерт кетти.

XS
SM
MD
LG