Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:30

Обама: Орусия коңшуларын коркутуп, алсыздыгын көргөзүүдө


Обама Гаагадагы басма сөз жыйында. 25-март, 2014-жыл.
Обама Гаагадагы басма сөз жыйында. 25-март, 2014-жыл.
Кошмо Штаттар Орусиянын Украина менен чек арасына аскерлерди топтоп жатканына тынчсызданат. Бул тууралуу АКШ президенти Барак Обама Гаагада өзөктүк коопсуздук боюнча саммиттин соңундагы басма сөз жыйында билдирди. Обама ошондой эле Кремл мындай кадамга Крымды аннексиялоосуна эл аралык каршылыкты эсепке алуу менен барып жатканын айтты:

- Орусия аймактык держава жана жакынкы коңшуларын өзүнүн күчтүүлүгүнөн эмес, алсыздыгынан улам коркутууда. Ал Украинага СССР кыйрагандан бери эбегейсиз таасир көргөзүп келбеген. Коңшуларыбызга биздин да олуттуу таасирибиз бар. Бирок алар менен кызматташтыгыбызды бекемдөө үчүн биз кол салууга муктаж эмеспиз. Орусиянын армия менен барууну зарыл деп сезгени, эл аралык келишимдерди бузганы, анын таасири артканын эмес, начарлаганын күбөлөндүрүп турат.

Барак Обаманын пикиринде, Крым аннексиясынан улам Орусиянын эл аралык коомчулуктан изоляциялануусу азыр ал Грузия менен согушкан кездегиден да күчөдү. (UE)

XS
SM
MD
LG