Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:00

Эстонияда СССР кездеги милиция кызматкери изделүүдө


Эстония бийлиги мурда укук тартибин коргоо тармагында иштеген Павел Бойцовго издөө жарыялады. Коммунисттик режим учурунда Ички иштер министрлигинин Вырумаа аймагында бөлүм башчы болгон 88 жаштагы Бойцов адамкерчиликке каршы кылмыш жасаган деп айыпталууда.

1945-1949-жылдары министрликтин ыкчам тобу тарабынан жарандардын массалык түрдө өлтүрүлүшүнө ал да аралашкан болушу мүмкүндүгү божомолдонууда.

Прокуратура аталган кыргынды мамлекет тарабынан адам укуктарынын кескин бузулушу катары сыпаттоодо. Маалыматка ылайык, күч кызматкерлери тарабынан өлтүрүлгөндөр - совет доорундагы бийликке каршы чыккандар болгон.

XS
SM
MD
LG