Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:14

Кыргызстанда 155 миң адам майып


Кыргызстанда расмий эсепте 155 миң киши майыптыгы боюнча каттоодо турат. Анын 26 миңин он сегиз жашка толо электер түзөт. Бул тууралуу “Азаттыкка” Социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев билдирди.

Майып кишилердин ай сайын алган орточо жөлөк пулу 3 миңден 5 миң сомго чейин.

Кыргызстандагы мекеме-ишканаларда, окуу жайларда жана коомдук транспортто майыптардын жүрүшүнө шарт дээрлик жок. Соңку жылдары гана имараттарга арабада жүргөндөр үчүн атайын пандустар орнотула баштады. Ал эми ажаткана маселеси азырынча көйгөй бойдон турат.

Азиздер жана кулагы укпагандар үчүн атайын мектептер бар. Ал эми буту-колу оорулуулар жалпы мектепке барып окуйт.

Кудайберген Базарбаевдин айтымында, майып балдарды көп учурда ата-энелер мектепке жөнөтпөйт. Министрлик аларды окууга тартуу аракеттин жасоодо. (SE)

XS
SM
MD
LG