Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:19

Абактагы депутат Түлеевдин иши шаардык сотто каралууда


25-мартта Бишкек шаардык сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Нариман Түлеевдин үстүнөн сот кайра уланды. Бул тууралуу “Азаттыкка” анын адвокаты Кубанычбек Ташбалтаев кабарлады. Жактоочу Түлеевдин ден соолугу начарлаганына байланыштуу аны үй камагына чыгаруу өтүнүчүн келтирди. Бирок ишти карап жаткан соттук коллегия бул өтүнүчтү четке какты. Ошого байланыштуу адвокат соттук коллегияга ишеним көрсөтпөө өтүчүнүн келтирип Жогорку Сотко арыз жазды.

Бишкектин мурдагы мэри, Жогорку Кеңештин депутаты Нариман Түлеев 2012-жылы августта “мэр болуп иштеген кезде мамлекеттик бюджетке зыян келтирген” деген айып менен камалган. Былтыр жайында Бишкектин Ленин райондук соту аны 11 жылга кескен. Бирок депутат макул болбой, шаардык сотко арызданган. Учурда Түлеевдин арызы ошол жакта каралууда. (BkA)

XS
SM
MD
LG