Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:44

Түгөлбай Казаков ТҮРКСОЙ сыйлыгына татыды


Түрк тилдүү мамлекеттердин достугун чыңдоо, жакындатуу максатында иш алып барган түркиялык ТҮРКСОЙ эл аралык уюму өткөн аптада Эскишехир шаарында бир нече кабарчыга атайын сыйлык тапшырды. Бул сыйлыктарга алар түрк тилдүү элдердин биримдигин бекемдөөгө жана бири-бирин таануусуна кошкон салымы үчүн татыктуу болгону айтылды.

Кыргызстандан ТҮРКСОЙ сыйлыгына Кыргыз эл артисти, белгилүү обончу жана журналист Түгөлбай Казаков татыды. Бул тууралуу аталган уюмдун расмий сайтында кабарланды. (BkA)

XS
SM
MD
LG