Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:41

Оштон 20 адам Сирияга кеткени аныкталды


Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Жеңиш Ашырбаев билдирди. Анын айтымында, буга чейин Ош жана Баткен облусунун аймагынан 54 адам Сириядагы жарандык согушка кеткени кабарлаган. Милиция бул маалыматты текшерип, 20 адам Сирияга кеткенин, ал эми 12 адам чет өлкөгө чыкпаганын аныктады. Калган 22 адам тууралуу маалымат азырынча такталып бүтө элек.

Өткөн айда УКМК тарабынан Кара-Суудан Сирияга кеткени жаткан 7 адам кармалган. Алар Кыргызстандын аймагында теракт уюштурууну пландаган деп шектелүүдө. Колго түшкөн топтун жетекчиси имамдын орун басары болуп иштеп келгени да коомчулукка белгилүү болду. (BkA)

XS
SM
MD
LG