Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:53

АКШ элчилиги: ТИМдин Крым боюнча билдирүүсү көңүл калтырды


Бул тууралуу АКШ элчилигинин Твиттердеги расмий баракчасында жарыяланды. Анда “Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги суверендүү Украинанын бөлүгү болгон Крым боюнча референдумдун жыйынтыгын тааныганы көңүл калтырды” деп жазылган.

20-мартта Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Крымдын тегерегиндеги кырдаалга байланыштуу билдирүү тараткан. Анда министрлик Крымдагы референдумдун жыйынтыгын элдин эрки деп баалаган болчу.

АКШ жана Евробиримдик Крымдын Орусия тарабынан аннексияланышын эл аралык мыйзам жана укук нормаларынын одоно бузулушу катары баалап келатат. (BkA)

XS
SM
MD
LG