Бул тууралуу Ош шаардык милициясынын башчысы Кылычбек Жолдошев билдирди. Анын айтымында, акыркы күндөрү улут аралык чыр чыгарууга аракет кылган жикчил топтор тууралуу маалымат түшүүдө. Учурда милиция аларды текшерип, чын-бышыгын аныктоо аракетин көрүп жатат. Буга чейин Араван жана Кара-Суу райондорунда ушундай аракеттер байкалып, ага милиция жеринде чара көргөнүн Жолдошев кошумчалады. (BkA/ErN)