Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:23

Обама Евробиримдик менен кызматташтык боюнча сөз сүйлөйт


АКШ президенти Барак Обама бүгүн Брюсселде АКШ менен Евробиримдиктин саммитине катышып, трансатлантикалык алака боюнча сөз сүйлөйт. Кечээ ал Орусиянын Крымдагы аракети “анын кубатын эмес, алсыздыгын көргөзүүдө” деп билдирген. Обама АКШ өнөктөштөрү менен бирге "Москвага каршы кошумча санкция колдонуу турумунда кала берүүдө", - деди.

Гаагада өткөн атомдук коопсуздук боюнча жогорку деңгээлдеги жолугушуудан кийин сүйлөгөн сөзүндө ал орус аскерлеринин Украина менен чек ара аймагында топтолушуна камтамачылык билдирип, ошол эле маалда Орусия аскерлерин өз жеринде жайгаштырууга укуктуу деп белгилеген.

XS
SM
MD
LG