Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:40

Экс-мэр Өмүркуловдун иши сотко өттү


Бишкектин мурдагы мэри Иса Өмүркуловдун иши сотко өттү. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат катчысы Сейитжан Апышев “Азаттыкка” кабарлады. Анын айтымында, экс-мэрге козголгон кылмыш иш тергелип бүтүп, бүгүн Бишкектин Октябрь райондук сотуна өткөрүлдү. Эми жакынкы аралыкта сот иши башталышы керек.

Башкы прокуратура февраль айында Иса Өмүркуловго Кылмыш-жаза кодексинин “кызмат абалынан кыянат пайдалануу” беренеси боюнча иш козгогон. Өмүркулов 2011-жылы борбордун Түштүк дарбазасында жайгашкан Дайыр Асанов атындагы Жеңиш паркынын аянтын 16 гектар кыскарткан деп айыпталган. Бирок экс-мэр тагылган айыпты четке кагып келет.(BkA)

XS
SM
MD
LG