Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:19

Пакистан: Өкмөт менен "Талибан" тынчтык сүйлөшүүсүн баштоодо


Бүгүн Пакистан өкмөтү менен "Талибан" лидерлеринин алгачкы көзмө-көз жолугушуусу өткөнү жатат. Былтыр башталган тынчтык жараянынын алкагындагы тикелей сүйлөшүү “тынчтык тилкеси” деп аталган жашыруун жайда жүрмөкчү. Пакистандагы талиптердин делегациясын динаятчы Ибрагим Хан, ал эми өкмөттүн тобун Хабибулла Хан Хаттак жетектеп барууда.

Февралда "Талибан" бир айга ок атышууну токтотконун жарыялаган. Бийлик жооп иретинде согушкерлерге каршы соккудан убактылуу баш тарткан. Тынчтык сүйлөшүүлөрү соңку жылдары миңдеген кишинин өмүрүн алып кеткен зомбулукка чекит коюу жолун табууну көздөйт.

XS
SM
MD
LG