Быйыл дыйкандарга жеңилдетилген насыяны 5 банк берип жатканын өкмөттөн кабарлашты. Өкмөт бул үчүн 4 миллиард сомдон ашык акча бөлүп, аны 10 пайыз үстөк менен дыйкан, фермерлерге берип жатат. Насыяны кайтаруу мөөнөтү 2 жыл. Ал эми кайра иштетүүчү ишканаларга акча 9 пайыздык үстөк менен берилүүдө.
Каражат “Айыл банк”, KICB, "РСК-банк", "Бакай банк" жана "Оптима банк” аркылуу элге таратылып жатат. Учурда дыйкандарга 1 миллиард сомдук насыя берилди.
Былтыр өкмөт 3 миллиард 200 миллион сомду жеңилдетилген насыя катары берген эле. (BkA)