Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:19

Орусия экономикасы рецессияга батышы ыктымал


Дүйнөлүк Банк Крымдын аннексиясы Орусиянын экономикасын рецессияга жеткирет деп билдирди. Банктын жылдык отчетунда эгер Евробиримдик менен Кошмо Штаттар Москвага каршы соода санкцияларын киргизсе, Орусиянын ички дүң өнүмү 1.8% чейин зыян тартаары көрсөтүлөт. Батыш Орусияга каршы санкция киргизбесе дагы экономикалык өсүш 1.1% гана түзөт деп белгиленет.

Өткөн жылы орус экономикасы 1.3% өскөн, бул 2001-жылдан кийинки эле төмөнкү көрсөткүч болуп саналат. Дүйнөлүк Банк 2014-жылдын алгачкы үч айында эле 70 миллиард доллар каражат Орусиядан чыгарылганын, бул былтыркы жылкы жалпы көрсөткүчтөн көптүк кылаарын билдирди.

АКШ президенти Барак Обама баштаган "Чоң жетинин" лидерлери Орусияга каршы катаал санкцияларды киргизүүгө макулдашты.

XS
SM
MD
LG