Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:08

Беларуста "Эрк күнүн" белгилешти


25-мартта беларустар 1918-жылы Беларус Элдик Республикасы түзүлгөн датаны - Эрк күнүн белгилешти. Акция украиндерге тилектештик жана орус агрессиясына каршылык көрсөтүү үчүн уюштурулган.

"Азаттыктын" Минсктеги кабарчысы Виталий Цыганков билдиргендей, бийлик уруксат берген митинг жүрүшкө эки миңдей киши катышты. Беларус менен украиндердин желектерин көтөргөндөрдүн катарында "Кремлдик оккупанттарга өлүм", "Орусия - согуш", "Биздин жана силердин эркиндик үчүн", "Жашасын Беларус!" "Украинага даңк" деген ураан-чакырыктар көрүндү.

"Беларус элдик фронту" партиясынын лидери Алексей Янукович демократиялык Беларустун бир гана душманы - орусиялык имперализм жана ага болгон күч менен каршы турууну айтты. Тынч өткөн акциянын соңунда "Европалык Беларус" кыймылынын бир нече активисти кармалды.

XS
SM
MD
LG