Линктер

жекшемби, 28-май, 2017 Бишкек убактысы 22:38

Адистер электр энергиясын үнөмдөө боюнча жыйын курат


Бүгүн Бишкекте адистер электр энергиясын үнөмдөө боюнча жыйынга чогулат. Энергетика жана өнөр жай министрлиги уюштуруп жаткан жыйынга энергетика тармагындагы адистер жана эксперттер чакырылган. Алар электр уурдоону азайтуу, кардарларды сапаттуу тейлөө, тариф саясаты, нормативдик-укуктук базаны жакшыртуу маселелерин талкуулашат. Иш-чара министрликтин имаратында өтөт. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. (SE)

XS
SM
MD
LG