Шаршембиде Алматыда президент Алмазбек Атамбаев Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен жолукту. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлашты. Президенттер эки тараптуу алаканын орчундуу маселелерин жана быйыл Астанада өтө турган мамлекет аралык кеңештин отурумуна даярдыкты талкуулады.
Буга чейин бир катар эксперттер Атамбаев менен Назарбаевдин жолугушуусу Кыргызстандын Бажы биримдигине кошулуусу жана Крым маселесине байланыштуу болушу мүмкүн экенин айтып чыккан.(BkA)
Буга чейин бир катар эксперттер Атамбаев менен Назарбаевдин жолугушуусу Кыргызстандын Бажы биримдигине кошулуусу жана Крым маселесине байланыштуу болушу мүмкүн экенин айтып чыккан.(BkA)