Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:52

Саруудан келгендер Бишкекте митинг өткөрүүдө


Ушу тапта Жогорку Кеңештин имаратынын жанында Жети-Өгүздүн Саруу айылынын 15 чакты тургуну нааразылык акциясын өткөрүүдө. Алар Кумтөргө байланыштуу митингде башаламандык уюштурду деп былтыр күзүндө Караколдо камакка алынган айыл тургундарын бошотууну жана саруулуктарга карата куугунтукту токтотууну талап кылууда. Учурда акция катышуучуларынан үч өкүл президенттин аппарат кызматкери менен жолугууга киргени жатат. Кабарчыбыздын айтымында, митингчилер менен депутаттар Эркингүл Иманкожоева жана Гүлнара Жамгырчиева жолукту.

Саруу айылынын айрым тургундары Кумтөр алтын кенин улутташтыруу талабы менен өткөн жылдын май айынан бери түрдүү нааразылык акцияларын өткөрүп келе жатат. Кээ бир акциялар башаламандык менен коштолуп, учурда айылдын 8 тургуну соттолууда. (MiT/BkA)

XS
SM
MD
LG