Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:37

Булекбаев: Чек арачылар мени аэропортто бир саат кармады


“Жашылдар” партиясынын лидери Эркин Булекбаевдин “Азаттыкка” кабарлашынча, бүгүн таңга маал ал Москвадан учуп келген. “Манас” аэропортунда паспорт көзөмөлүнөн өтүп жаткан учурда аны чек ара кызматкери кармап, бир сааттай документин текшерип, анан коё берген. Булекбаев бул УКМКнын төрагасы Бусурманкул Таабалдиевдин көрсөтмөсү менен болгонун айтууда. Буга чейин айрым сайттар Булекбаевди УКМКнын кызматкерлери кармап кеткени тууралуу жазып чыккан эле.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен Эркин Булекбаевди камоо тууралуу буйрук болбогонун айтышты.(BkA/ZB)

XS
SM
MD
LG