Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:17

Келдибековдун адвокаты күч мекемелерине кайрылды


Коррупцияга шектелип кармалган Жогорку Кеңештин депутаты Акматбек Келдибековдун адвокаты Татьяна Чильникина УКМКнын төрагасы Бусурманкул Таабалдиев, Баш прокурор Аида Салянова, Жогорку Соттун төрайымы Феруза Жамашева, Саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаева жана президенттик аппараттын жетекчиси Данияр Нарымбаевге ачык кайрылуу жолдоду. Адвокат учурда УКМКнын тергөө абагында кармалып турган Келдибековдун ден соолугу начарлап кеткенине байланыштуу аны тезинен ооруканага которууну суранган.

Жогорку Кеңештин мурунку төрагасы Акматбек Келдибеков коррупция боюнча айыпталып, былтыр 22-ноябрда камакка алынган. Кечээ Октябрь райондук соту анын камактагы мөөнөтүн 27-майга чейин узартты. Былтыр жыл аягында Келдибеков ден соолугуна байланыштуу борбордогу №4 ооруканага которулган. Ага 3 ирет операция жасалганы кабарланган.

Акматбек Келдибеков өзүнө карата козголгон кылмыш ишти саясый куугунтук деп атап, тагылган айыптарды четке кагып келет. Келдибековдун тарапкерлери 12-мартта Башкы прокуратуранын алдына митингге чыгып, депутатты үй камагына чыгаруу талабын койгон. (BkA)

XS
SM
MD
LG