Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:59

28-мартка карата аба ырайы


28-мартта түнкүсүн көпчүлүк аймакта жаан жаап, тоолорго кар түшөт. Күндүз дээрлик жаан-чачын болбойт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн -2...+3, күндүз 9...14, Таласта түнкүсүн -3...+2, күндүз 8...13, Баткенде түнкүсүн -2...+3, күндүз 8...13, Ош жана Жалал-Абадда түнкүсүн -1...+4, күндүз 9...14,
Ысык-Көлдө түнкүсүн -3...+2, күндүз 6...11,
Нарында түнкүсүн -2...+3, күндүз 5...10,
Бийик тоолордо түнкүсүн -7...-12, күндүз 0...-5.

Бишкекте түнкүсүн жаан жаайт, күндүз жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 0…2, күндүз 11...13 градус жылуу.

XS
SM
MD
LG