Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:34

Укук коргоочулар ТИМдин Крым боюнча билдирүүсүн сындады


Кыргызстандын Укук коргоочулар кеңеши өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин Украинадагы окуялар жана Крым боюнча 20-марттагы билдирүүсүн сындап чыкты. Бул тууралуу бүгүн таратылган билдирүүдө "ТИМдин билдирүүсү Кыргызстандын суверенитетине коркунуч туудурат" деп айтылды. Укук коргоочулар Крымдын аннексияланышы эл аралык укукка каршы келерин эске салып, "Тышкы иштер министрлиги өз билдирүүсү аркылуу Орусиянын мыйзамсыз аракетин тааныды" деп сынга алууда.

Ошондой эле укук коргоочулар Орусиянын Канттагы аскер базасын чыңдоо аракеттерине да кабатырланган.

20-мартта Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Крымдын тегерегиндеги кырдаалга байланыштуу билдирүү тараткан. Анда министрлик Крымдагы референдумдун жыйынтыгын элдин эрки деп баалаган болчу. Буга чейин АКШнын Бишкектеги элчилиги твиттердеги баракчасына “Тышкы иштер министрлиги суверендүү Украинанын бөлүгү болгон Крым боюнча референдумдун жыйынтыгын тааныганы көңүл калтырды” деп билдирген. (BkA)

XS
SM
MD
LG