Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:23

Иран Пакистанда уурдалган өз чек арачыларын табууга үндөдү


Ирандын президенти Хасан Роухани Пакистан премьер-министри Мухаммед Наваз Шарифти 6 жума мурун уурдалган чек арачыларды бошотуу үчүн олуттуу чара көрүүгө чакырды.

Ирандык 5 чек арачыны “Ал-Каидага” жакын “Жаиш Ал-Адл” согушкер тобу кармап кеткен. Пакистан бийлиги бир чек арачынын өлтүрүлүшүн айыптады. Тышкы иштер министрлиги жасаган билдирүүдө Пакистан “маркумдун жана туткундагылардын жакындарынын кайгысын” тең бөлүшөт жана Иран менен бир туугандык мамилелерди жогору баалайт” деп айтылат.

Расмий Исламабад Ирандын Систан-Белужистан аймагында уурдалган чек арчыларды табуу үчүн бар аракетин жумшап жатканын, бирок тергөөчүлөр "ирандык аскерлердин Пакистан аймагына киргенин же Пакистанда жүргөнүн далилдеген фактыларды таба албаганын" билдирди.

Кээ бир маалыматтарга ылайык, чек арачылар Пакистанда кармалууда.

XS
SM
MD
LG