Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:45

AI: Өлүм жазасын алгандар Ирак менен Иранда эң көп


Өлүм жазасынын аткарылышы боюнча Иран жана Ирак дүйнөдө биринчи орунда турат. Бул тууралуу Amnesty International эл аралык укук коргоо уюмунун жылдык докладында айтылат. Өткөн жылы дүйнөдө 778 өкүм ишке ашырылган. Бул ага чейинки жылдагыдан 15% көп. Документте белгиленгендей, Иранда соттун өкүмү менен 369 киши өмүрүнөн ажыратылса, Иракта бул сан 169ду түзөт. Иракта өлүм жазасына негизинен “терроризмге каршы мыйзамдын” алкагында тартылышат.
Отчетто Кытай жана Түндүк Корея камтылган эмес. Уюм Кытайда миңдеген кишиге карата жогорку жаза өкүмү аткарылган деген пикирде.

XS
SM
MD
LG