Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:19

Мыйзамсыз менчиктелген ооруканалар мамлекетке кайтарылат


Мындай токтомду Жогорку Кеңештин депутаттары кабыл алды. Парламентте түзүлгөн атайын жумушчу топ ооруканалардын абалы менен таанышып, бир катар дарылоо мекемелеринин имараты жана аларга тиешелүү жер тилкелери мыйзамсыз менчиктештирилгенин аныктаган. Буга байланыштуу бүгүн парламент депутаттары Башкы прокуратура менен өкмөткө өлкөдөгү бардык ооруканаларды текшерип, мыйзамсыз менчиктелгендерин кайтарып алуу тапшырмасын берди.

Расмий маалыматка ылайык, акыркы 20 жылда өлкөдөгү ооруканалардын саны 2 эсе кыскарган. 1990-жылы өлкөдө 307 оорукана бар болсо, 2013-жылы алардын 117си калган. (BkA)

XS
SM
MD
LG