Армениянын расмий өкүлдөрү Сириянын Кесаб шаарындагы этникалык армяндардын тагдырына камтама билдирүүдө. Өткөн жумада болжол менен Түркия тараптан кирип келген куралчан топ шаарды ээлеп алганда 600дөй армян үй-бүлө жер которууга мажбур болду.
Ушу тапта Сирияда армян парламентинин тобу жүрөт. Депутат Арман Сахакяндын айтымында, жергиликтүү армяндар азыр Латакия деген шаарда убактылуу баш калкалоодо.
- Алар жакын арада үйүнө кайтууга үмүттөнөт жана Арменияга көчүп баруу ниети жоктугун айтууда, - деди депутат.
Армениянын тышкы иштер министрлигинин басма сөз өкүлү Тигран Балаян кечээ билдиргенине караганда, Еревандын кесабдык армяндарды Сириядан тарыхый мекенине көчүрүү планы жок.