Германияда аэропорт кызматкерлеринин иш таштоосу Европа боюнча жүздөгөн авикаттамды үзгүлтүккө учуратты. Түшкө чейин эле Франкфурт аэропортуна кончу жана уча турган 550 авиакаттам аткарылган жок. "Люфтганза" авикомпаниясы бүгүн каттамдарынын үчтөн бири үзгүлтүккө учураганын билдирди. Бир күндүк иш таштоо өкмөт менен федералдык жана муниципалдык жумушчулардын кошууну эмки жумада өткөрчү сүйлөшүү алдында уюштурулду.
Германиядагы ири 7 аэропорттон тышкары бүгүн бир катар мамлекеттик бала бакчалар, ооруканалар жана китепканалар иштеген жок. Кошуун жумушчулардын эмгек акысына дагы 100 евро кошууну талап кылууда.
Германиядагы ири 7 аэропорттон тышкары бүгүн бир катар мамлекеттик бала бакчалар, ооруканалар жана китепканалар иштеген жок. Кошуун жумушчулардын эмгек акысына дагы 100 евро кошууну талап кылууда.