Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:57

​БУУда Орусия менен Украинанын өкүлдөрү кайым айтышты


Бириккен улуттар уюмунун Башкы ассамблеясы Украинанын аймактык бүтүндүгүнө колдоо көргөзгөн жана Крымдын Орусияга кошулуусу боюнча референдумду мыйзамсыз деп атаган резолюциянын долбоорун талкуулоого киришкенде Орусия менен Украинанын өкүлдөрү кайым айтышты.

"Мен бүгүнкү добуш берүү келечектеги агрессиялык кадамдарды токтотот деген бекем ишеничтемин. Мен Украинанын аймактык бүтүндүгүн колдогон резолюцияга авторлош болгондордун баарына ыраазычылык билдирем жана БУУнун Башкы ассамблеясы тарабынан жактырылат деп үмүттөнөм. Соңку бир ай бизге абдан оор болду. Дагы кыймылдабай койсок, бул уюмду жоготуубуз мүмкүн" - деди Украин тышкы иштер министри Андрей Дешица БУУнун жыйынында.

Ал эми Орусиянын БУУдагы өкүлү Виталий Чуркин сунуш кылынган резолюция долбоорун "конфронтациялык мүнөзгө ээ" деп атап, Крымдагы референдумдун жыйынтыгын талашуу оң натыйжа бербесин белгиледи.

XS
SM
MD
LG