Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:39

Саламат Садыкова ТҮРКСОЙ сыйлыгын алды


Саламат Садыкова.
Саламат Садыкова.
Түрк тилдүү мамлекеттердин маданиятына кошкон салымы үчүн Кыргыз эл артисти Саламат Садыкова эл аралык ТҮРКСОЙ сыйлыгын алды. Уюмдун 20 жылдыгына карата атайын алтын медаль Эл артистине 27-мартта Бишкек шаарында тапшырылды.

Түрк тилдүү мамлекеттердин достугун чыңдоо, аларды бир бирине жакындатуу максатында иш алып барган түркиялык ТҮРКСОЙ эл аралык уюму маданият тармагында иштеген адистерге жыл сайын атайын сыйлык берип келет.

Өткөн жумада элдердин биримдигин бекемдөөгө кошкон салымы үчүн белгилүү обончу жана журналист Түгөлбай Казаков да ушундай сыйлык алган. (SE)

XS
SM
MD
LG