Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:47

Атамбаев: ТИМ Крымдагы абалга баа берген жок


Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев жергиликтүү телеканалдарга маегинде билдирди. Анын айтымында, өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги 20-марттагы билдирүүсүндө референдум болуп өткөнүн гана тааныды. Ал эми ал жактагы абалга баа берген жок.

- Ага чейин ТИМ Янукович жөнүндө билдирүү жасап, анын эл ишенимин жоготконун, иш жүзүндө Украинанын президенти эмес экенин билдирген. Тышкы саясат мекемеси тигил же бул жол туура же туура эмес деген жок, - деди Атамбаев.

20-мартта Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Крымдын тегерегиндеги кырдаалга байланыштуу билдирүү тараткан. Анда министрлик Крымдагы референдумдун жыйынтыгын элдин эрки деп баалаган болчу.

Буга чейин Кыргызстандын Укук коргоочулар кеңеши бул билдирүүнү сындап чыкса, АКШнын Бишкектеги элчилиги твиттердеги баракчасына “Тышкы иштер министрлиги суверендүү Украинанын бөлүгү болгон Крым боюнча референдумдун жыйынтыгын тааныганы көңүл калтырды” деп билдирген. (BkA)

XS
SM
MD
LG