Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:43

Оор жүк ташыган айдоочулардын митинги өтүүдө


Ушу тапта Жогорку Кеңештин алдында 50дөн ашык айдоочу нааразылык акциясын өткөрүп жатат. Алар Транспорт жана коммуникация министрлигине кесипкөй жетекчи дайындоо талабын коюуда. Митингчилердин жүйөөсүндө, учурдагы министрдин милдетин аткаруучу Калыкбек Султанов өз ишин жөндөй албай, тармактагы көйгөйлөрдү чече албай жатат. Мындан улам жергиликтүү айдоочулар жабыркап, Кытайдан кирген оор жүк ташуучу унаа жолду талкалап, жергиликтүү айдоочулардын ишине тоскоолдук кылып жатат. Митингге чыккандар президент кабыл алышын талап кылууда.

Оор жүк ташуучу айдоочулар буга чейин да бир нече нааразылык акцияларын өткөргөн болчу. (BkA)

XS
SM
MD
LG