Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:22

ӨКМ Баракта өндүрүлгөн данды Кыргызстанга алып чыгып берди


Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Барак эксклавынын дыйкандарына жардам берип, ошол жакта өндүрүлгөн данды Өзбекстан аркылуу Кыргызстанга өткөрүп берди. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" министрликтин маалымат катчысы Абдишарип Бекилов кабарлады. Анын айтымында, кечээ 8 оор жүк ташуучу унаа ал жердеги жергиликтүү калктын 108 тонна жүгөрү жана 26 тонна буудайын Кыргызстанга алып өттү. Ал жакка куру барбай, ӨКМ унаалары 4 тонна жер семирткич ала барып берди.

Барак Өзбекстандын аймагында жайгашкан кыргыз эксклавы. Чек ара жабык тургандыктан ал жактагы дыйкандар өндүргөн товарын Кыргызстанга алып өтө албай жаткан болчу. (RK)

XS
SM
MD
LG