Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:04

Швейцариялык учак боюнча иликтөө башталды


Сити аэропорту, Лондон, Британия.
Сити аэропорту, Лондон, Британия.
Бул тууралуу Авиакырсыктарды иликтөө борборунун британ бөлүмү кабарлады. Кечээ Лондондон Женевага багыт алган учактын бир кыймылдаткычы жарылган. Swiss International Air Lines авиаишканасына таандык Аврожет-100 учагы саат үчтөр чамасында "Сити" аэропортунан от алып баратканда жарылуунун добушу угулган. Бортунда 78 адам бар учак асманга көтөрүлгөнгө 20 секунда калганга чейин токтогонго үлгүргөн. Үч жүргүнчү эвакуация маалында жеңил жаракат алды.

От алып бараткан учурда жарылган кыймылдаткычтын айынан "Сити" аэропорту кыска убакытка жабылган. Аталган аэропорттун учуп-конуу тилкеси кыска жана аны үч тарабынан суу курчап турат. Лондон – Женева каттамын аткарган "Швейцария аба жолдору" бул окуя тууралуу үн ката элек. (BAz)

XS
SM
MD
LG