Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:16

Беларуста абактан бошогон активисттер опузалоо болгонун айтууда


Борис Хамайда Витебскидеги акциялардын биринде, 16-апрель, 2012
Борис Хамайда Витебскидеги акциялардын биринде, 16-апрель, 2012
Беларуста кечээ абактан чыгарылган оппозициялык эки ардагер-активист жаңы айып боюнча соттолушу мүмкүн. Борис Хамайда менен Александр Соловьян чыгыштагы Витебск шаарында “полицияга баш ийбегени үчүн” үч күнгө камалган болчу. Кечээ бошотулган.

Бирок бүгүн Хамайда “Азаттыкка” сүйлөп, полиция эми алардын үйлөрүн тинтип кеткенин, кызыл-ак түстөгү улуттук желектерди алып, бирок эч кандай документ толтурушпаганын айтты. Кийинчерээк ага полициядан телефон чалып, азыр активисттерди жергиликтүү бир мунай компаниясынын мүлкүн талкалоого катышкан болушу мүмкүн деген шек менен тергөө башталганын кабарлашкан.

XS
SM
MD
LG