Голливуддун белгилүү актрисасы жана адам укугун коргоочу активист Анжелина Жоли менен Британиянын тышкы иштер министри Уилиям Хейг согуш маалында сексуалдык зордуктун алдын алуу боюнча Гаагадагы конференцияга катышты.
"Сексуалдык зордук - согуштун бир куралы катары колдонулат, анткени ал ушунчалык бузуку күчкө ээ жана аны жасагандар оңой эле жазадан кутулуп кетишет", - деди Жоли.
Андан ары Жоли менен Хейг Сребреницага барып, 1995-жылкы кыргында өлтүрүлгөн сегиз миңдей мусулман эркекти эскеришти. Үч жыл мурун Анжелина Жоли Босния согушу жөнүндө тасма тарткан жана качкындардын укугун коргоп жүргөнү менен белгилүү.