Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:56

Беларуста трактор заводунун кызматкерлери ачкачылык акцияны улантышууда


Беларуста трактордун бөлүктөрүн жасоочу заводдун дагы үч кызматкери ачкачылыкка кошулдуу. Азыр заводдун администрациясына нааразылык иретинде жалпысынан 10 адам ачкачылык кармап турат. Беларустагы эркин профсоюздар кошунунун мүчөлөрү заводдун жетекчилиги кызматкерлерди опузалаганын токтотуп, келишимдеги дискриминациялык жоболордон баш тартышын талап кылышууда. Бирикменин лидери Михаил Ковальков шейшембиден бери заводдун сыртында ачкачылык кармоодо. Азырынча ишкана жетекчилиги алардын акциясына эч кандай жообун билдире элек.

XS
SM
MD
LG