Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:15

Йенс Столтенберг НАТОнун баш катчысы болуп дайындалды


Йенс Столтенберг
Йенс Столтенберг
Норвегиянын мурдагы премьер-министри Столтенберг жума күнү Түндүк атлантикалык альянсты башкарууга дайындалды. Анын талапкерлигин буга чейин АКШ, Германия, Британия жана Франция колдошкон.

НАТОнун билдирүүсүндө айтылгандай, “Столтенберг өз ишине быйыл 1-октябрдан тарта киришет, анткени ошондо азыркы баш катчы Андерс Фог Расмуссендин беш жыл эки айга созулган кызмат мөөнөтү аяктайт”.

Бул жаңылык айтылгандан кийин Столтенберг журналисттерге сүйлөп, НАТО “өзгөчө азыркы Украина жана Крымга байланыштуу окуялардын ыкчам өзгөрүшүндө өзүнүн өнөктөштөрү үчүн маанилүү альянс экенин көрсөттү” деди.

XS
SM
MD
LG