Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:00

Ташиев “Ата-Журт” коалицияга киришине каршы


Бул тууралуу “Азаттыкка” Камчыбек Ташиевдин кеңешчиси Нурлан Шакиев билдирди. Анын айтымында, буга чейин Жогорку Кеңештеги “Ата-Журт” фракциясы көпчүлүк коалицияга кирүү тууралуу чечим кабыл алган. Бирок буга партиянын лидери Камчыбек Ташиев каршылыгын билдирүүдө. Ал муну бүгүнкү бийликтин жүргүзүп жаткан саясатын колдобой тургандыгы менен түшүндүрүп жатат. Ошондуктан учурда партия лидери фракциянын депутаттары менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, андан соң чечим кабыл алынмакчы.

Учурда Жогорку Кеңеште жаңы коалиция түзүү боюнча сүйлөшүү жүрүп жатат. Аны куроо мандатын президент Алмазбек Атамбаев 20-март күнү Социал-демократтар фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбековго тапшырган. Буга чейин “Ата-Журт” фракциясы менен катар “Ата Мекен”, “Ар-намыс” фракциялары коалицияга кирүү ниетин билдирген. Ал эми “Республика” өкмөт башчы жумшак рейтинг менен тандалса гана коалицияга кошуларын айтууда.

“Ата Мекен" жана Социал-демократтар” өкмөт башчылыкка Жоомарт Оторбаевдин талапкерлигин көрсөтүүдө.(BkA)

XS
SM
MD
LG